Талас шаары

Талас шаары деңиз деңгээлинен 1244 м. бийиктикте, Талас өрөөнүнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө,  Талас  дарыясын бойлой,  Талас облусунун борборунда жайгашкан административдик маанидеги шаар.  Талас району менен чектешет. 

 

Шаардын жалпы аянты 1250 км2 түзөт.  Темир жолдон алыстыгы 120 км. Климаты мелүүн - континенталдуу. Эң жогорку орточо  айлык температурасы июль айында + 30 ... + 35 ° C , эң төмөнкү орточо айлык температурасы январь айында -15... -25 ° С экендиги байкалган. 

 

          2024-жылдын 1-январына карата туруктуу калктын саны 42 637 адам. 

 

Кыскача тарыхы: ХIХ  кылымда азыркы Талас шаары жайгашкан аймакты былкылдаган саз басып, чытырман токой, агарган ак чий каптап турган. Ошондон улам  бул аймак  Ак-Чий деп аталган. 1874-жыл Орус падышачылыгынын аймактарынан дыйкандардын үй-бүлөлөрү көчүрүлүп келип,  жери тегиз, суусу, жаратылыш байлыгы мол  Ак-Чийге жайгаштырылган. 1887-жылы Ак-Чийде курулган чиркөө дин ишмери Дмитрийге арналган.  Ошондон баштап Ак-Чий кыштагы Дмитриевка   деп аталган. 1892-жылы  Дмитриевкага  Россиядан дыйкандардын экинчи толкуну, 1912-жылы үчүнчү толкуну көчүп келишкен. 

 

1902-жылы  Дмитриевкада орус-тузем мектеби ачылып, андан тилмечтикке даярдоо максатында жергиликтүү элдин балдарынын билим алышына мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Башталгыч билим берген орус-тузем мектебинде негизинен бай-манаптардын балдары окушкан. Калктын санынын өсүшү менен  кыштакта  чоң базар иштеп, соода-сатык  жолго коюлган.  Түркстан крайында атчан аскерлерге мингич аттарды даярдоо үчүн  түзүлгөн  үч борбордун бири мына ушул  Дмитриевкада жайгашкан.   

 

1930-40-жылдары   май-быштак чыгаруучу  завод, турмуш-тиричилик комбинаты ачылат, телефон байланышы орнотулат.  Жалпы элди ашарга тартуу менен Дмитриевкадан Жамбылга (азыркы Тараз шаары) чейин  жол салынат. 1930-жылы Талас району түзүлүп, Дмитриевка кыштагы райондун борбору болуп калат. 1939-жылдан баштап Дмитриевка   Талас  аталышына өзгөрөт.  Бул жылдары анда жашаган калктын саны  6250 адамды түзүп, анын 10% кыргыздар болгон. 

 

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында  Талас кыштагына  СССРдин батыш бөлүгүнөн эвакуацияланып келген адамдар, андан кийин репрессияланып келген чечендердин  үй-бүлөлөрү жайгаштырылат. Кыштакта   фронтко аскерлер үчүн гимнастёрка,  керзи өтүк  даярдаган жеңил өндүрүштүк базалар түзүлүп, тынымсыз иштеген. 

 

Кыргыз ССРинин эл чарбасын өнүктүрүү, Улуу Ата Мекендик согушта фронтко жардам берүүнү андан ары күчөтүү максатында, 1944-жылдын 22-июнунда  Кыргыз ССР Жогорку Советинин  Указы менен Талас облусу түзүлүп,  анын борбору катары Талас кыштагына шаар макамы берилет.  1947-жылы Талас шаарында  кичи ГЭС  курулуп, шаар ичин электр кубаты менен камсыздай баштайт. Эл жашоочу турак жайларды куруу колго алынып, ал 10 жылдын аралыгында 3-4 эсеге өсөт. Андан кийинки жылдары май завод, ун комбинат, нан завод,  өнөр жай комбинаты,   кийим тигүүчү жана бут кийим тигүүчү фабрикалар ачылып, аларда  700дөн ашык адам эмгектенген. Талас шарында бул жылдары эки орто мектеп,  эки жети жылдык мектеп,  эки кинотеатр,  үч китепкана иштеп турган. Стадион курулуп, парктар түзүлгөн.   

 

1974-жылы Талас шаарынын калкынын саны  22 миң адамга жеткен. 1980-90-жылдардын аралыгында Талас шаарында  көп кабаттуу турак  жай  кварталдары, Кыргызстан КП  Талас обкомунун административдик имараты (бүгүнкү облустук аткаруу бийлигинин имараты), Кыргызстан профсоюздарынын Талас облустук башкармалыгынын имараты (бүгүнкү облусту үй-бүлөлүк медицина борбору),  Агартуу үйү (бүгүнкү А. Огомбаев атындагы  балдардын музыкалык мектеби),  №5-орто мектептин имараты, №12-дарыкана (азыркы “Байтүшүм” банкынын филиалынын имараты)  жана башка  административдик, өндүрүштүк, тейлөө багытындагы бир катар   мекемелердин имараттары курулган.  Суткасына  40 тонна эт даярдаган, жогорку кубаттуулуктагы эт комбинаты  курулуп ишке берилген. 1990-жылы  Талас шаарынын калкынын саны  34 миң адамды түзгөн. 

 

1991-жылдан баштап   базар экономикасы кулач жайып,   жеке  менчиктик мамилелер   жыл өткөн сайын  өөрчүдү. Шаарда чакан жана орто бизнес өнүгүп, жаңы ишканалардын тармагы түзүлдү. Шаардык  базар соода-сатык жасоонун  борборуна айланды. Ишкерлер тарабынан калкты тейлөө багытындагы    бир катар имараттар  салынды.   Союз ураганда  бир катар курулуш обьекттери  бүлүнгөн боюнча туруп,    2022-2023-жылдары  бюджеттин эсебинен  бүткөрүлдү. 

 

2024-жылдын 1-январына карата алганда  Талас шаарында  42 637 калк жашайт.  Шаар аймагында   386 жоопкерчилиги чектелген коомдор, 8 акционердик коомдор,  11 жабык акционердик коомдор аракеттенет. Шаардын  саламаттык сактоо тармагында   3 оорукана, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу,; маданият тармагында Маданият үйү, кинотеатр,  көркөм сүрөт музейи, 5 китепкана; билим берүү жана илим тармагында    1 жогорку окуу жай, 2 орто окуу жай,  1 лицей комплекс,  9 орто  билим берүүчү мектеп, 10 мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер иштейт.  Бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТга даярдыгын күчөтүү максатында  “Салымбеков Бизнес мектеби” мектеби, СЭКОМ билим берүү борбору  жана башка даярдоо курстары иш жүргүзөт. 

 

Талас шаары 2024-жылы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча республикада биринчи орунду ээледи. 

 

Талас шаарына коммуналдык  кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы   көчөлөргө, коомдук жайларга түнкү жарыктандыргычтарды орнотуу, шаар ичиндеги арыктарга  суу өтүүчү түтүктөрдү  жана латокторду жаткыруу, шаардын тазалыгын камсыздоо  багытындагы иштерди  жүзөгө ашырат. “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы күнөсканасына өстүрүлгөн түрдүү гүлдөрдү шаардын борбордук көчөлөрүн көрктөндүрүп,  калаанын көркүн чыгарууда. 2024жылы жаз айында Талас шаарынын “Жаштык”  конушунда жаңы   сейил бак  түзүлүп, шаар тургундарына  эшигин ачты.  Талас шаардык «Таза суу»  муниципалдык ишканасы 2023-жылы   2017 м таза суу түтүгүн, 3906 м саркынды суу түтүгүн тартып,  калкты тейлөө ишинин сапатын жакшыртты.  Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы кардарлар, бюджеттик мекемелер, коммерциялык мекемелер болуп, жалпысынан  1336 кардарды күз-кыш мезгилинде  жылуулук менен камсыздайт.