Бул иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Программасынын жана “Ар ким үчүн адилеттик” долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан уюштурулууда.
Изилдөөнүн алкагында 18 жаштан жогору курактагы жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүлөт. Сурамжылоону жүргүзүү укугу «Эрфольд Консалт» компаниясына берилген.
Маанилүү:
Интервьюерлер атайын даярдыктан өткөн;
Ар бир кызматкерде расмий бекитилген бейджик жана тиешелүү документтер болот;
Сурамжылоонун жүрүшүндө берилген бардык маалыматтар катуу купуялуулук шартында колдонулат жана үчүнчү жактарга берилбейт.
Изилдөөнүн негизги максаттары:
Коомдо кылмыштуулук деңгээли жана түрлөрү тууралуу так маалымат чогултуу;
Жарандардын коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоо;
Алдын алуу чараларын иштеп чыгууга жардам берүү;
Коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты жакшыртуу.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору:
0707 86 09 60