КОНКУРС ЖАРЫЯСЫ

19.12.2025  17:09

14

Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы Талас шаарынын Э.Мадиев көчөсү №71 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 13 229 чарчы метр болгон муниципалдык жер тилкесин ижара шартында колдонууга, футбол аянтчасын куруу максатында конкурс жарыялайт.

Ижара акысы:

ай сайын — 37 041 (отуз жети миң кырк бир) сом

жылына — 444 492 (төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз токсон эки) сом

Конкурска катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 20-декабрына чейин Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгында кабыл алынат.

Конкурс 2025-жылдын 30-декабрында, саат 15:00дө Талас шаарынын мэриясынын имаратында өткөрүлөт.

Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

конкурска катышуу ниетин билдирген арыз (лоттун дареги көрсөтүлүшү зарыл);

жеке адамдын өздүгүн тастыктаган документ;

гарантиялык төлөм (кепилдик акы) төлөнгөнүн ырастоочу документтер;

конкурска катышууга кепилдик акча каражаты старттык баанын 10% өлчөмүндө төлөнөт.

Кепилдик акча каражатын төлөө үчүн банктык реквизиттер:

Кепилдик төгүм:
эсептик счет — 1290203230407808
төлөмдүн коду — №14511900

Документтердин көчүрмөсүнө пакет:
эсептик счет — 1290203230407707
төлөмдүн коду — №14238900

Кошумча маалымат алуу үчүн Талас шаарынын К.Нуржанов аллеясы №18 дарегине кайрылсаңыздар болот.
Байланыш телефону: 5-28-10