Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
1) “Проза” – романдар, повесттер, аңгемелер жыйнактары;
2) “Поэзия” – поэмалар, ырлар жыйнактары;
3) “Публицистика” – макалалардын жана публицистикалык чыгармалардын жыйнактары;
4) “Балдар жана жаштар адабияты” – романдар, повесттер, аңгемелер, ырлар жыйнактары;
5) “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү боюнча адабияттар”;
6) “Маданият жана искусство боюнча адабияттар” – альбом-каталогдор, фотоальбомдор ж.б.
Конкурска курагы 18 жаштан жогорку авторлор катыша алат. Жиберилген чыгармалар топтому мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек!
Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн чыгармалар жыйнагы Кыргызпатент тарабынан жарыкка чыгат.
Чыгарманын көлөмү А4 форматтагы Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1), 200-500 беттен ашпоого тийиш.
Конкурстун жобосу менен patent.gov.kg, fund.patent.kg/ сайттарынан таанышып чыгууга болот, же райондун аймагындагы айыл өкмөттөргө барып таанышсаңыздар болот.
Конкурска Жобонун №1, 2-тиркемесине ылайык өтүнмөнү толтуруп, 2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин meriatalas@gmail.com почтасына же +996 776 845 585 вотсап ном жөнөтсөңүздөр болот.