Талас шаарынын мэриясынын Жеке турак турак жай куруу үчүн жер участок берүү боюнча комиссия мүчөлөрү ЧЕЧИМ КЫЛАТ: Талас шаарынын Ырсалиевкөчөсү № 1б дарегиндеги 450.0 чарчы метр жер участогун, Сыдыгалиев көчөсү № 219а дарегиндеги 600 чарчы метр жер участогун , 2025-жылдын 1-декабрындагы № 5 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-октябрындагы № 173 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1196-ХII сандуу мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-июлундагы № 142 мыйзамына, КРӨ нүн 2017- жылдын 24-мартындагы № 177 токтомуна жана Жер Кодексинин 14, 119-беренесине ылайык, талаш болгон жер участогунун ордуна башка жер участок берүү жана жеке турак жай куруу үчүн биринчи кезекте жер участок бөлүп берүү үчүн коомдук угуу өткөрүлөт.
Коомдук угуунун орду жана убактысы: 2025-жыл 23-декабрь Талас шаары Ырсалиев көчөсү № 1б дарегинде саат 10.00, 2025-жыл 23-декабрь Сыдыгалиев көчөсү № 219асаат 13.00 убактысы
2. Талас шаарынын мэриясы тарабынан жер участоктор тууралуу маалыматтар коомчулукка билдирилсин. Ошондой эле Талас шаарынын мэриясынын маалымдоо каражаты болгон сайтына чыгарылсын
Негиз: Талас шаарынын мэриясынын Жеке турак турак жай куруу үчүн жер участок берүү боюнча комиссиясынын 2024-жылдын 8-декабрындагы № 5 протоколу