12 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛГАН КОЛЛЕГИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

21.01.2025  19:30

31

Бүгүн, 21-январда Талас шаарынын мэриясынын коллегиялык кеңешмеси болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Кеңешменин башталышында "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" кабыл алынган мыйзамдын айрым пункттарына киргизилген өзгөртүүлөр жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилди.

Коллегиялык кеңешменин күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. 2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу отчет.
2. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №163 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча жыйынтыктар.
3. 2025-жылга карата иш-чаралар планынын талкуусу.

Коллегиянын жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, 2025-жылдагы милдеттерди ишке ашыруу боюнча багыттар белгиленди.

12 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛГАН КОЛЛЕГИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ  ӨТТҮ