Талас шаарында К.Коңурбаев атындагы “Баластан” балдарга билим берүү борборунун 2024-2025-окуу жылынын башталышына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуусуна карата “Ачык эшиктер күнү” белгиленди. Ачылыш аземи ачык асман алдында ыр-бийлер менен башталып, борбордун жетишкендиктери жана жаңыртылган тайпалары менен тааныштыруу иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахроманович, КР президенттинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн экинчи орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаардык кеңешинин экс спикери Р.Токтогулова, Талас облустук А. Токтогулов атындагы китепкананын директору Т.Жаркыналиева жана башка мекеме жетекчилери, мугалимдер катышты.
Ачылыш аземи майрамдык маанайда өтүп, балдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча пландар талкууланды. Окуу борборунун жетишкендиктери жана жаңы тайпалары көрсөтүлүп, ата-энелер жана коомчулук менен бирге борбордун өнүгүү келечеги талкууланды.