Бүгүн, 9-апрелде КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна иш сапар менен келди. Министр А.Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде жыйын өткөрүп, Талас району менен Талас шаарындагы мектеп, бала бакча жетекчилери, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушту.
Жолугушууга Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.
Иш-чарада министр «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылы аткарылган иштер, 2025-2026-окуу жылына карата пландар тууралуу жана санариптештирүү деңгээлинде жасалган жумуштар жөнүндө кенен маалымат берди.
Жолугушууда өлкө боюнча 12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясы көңүл борборунда болду. Мугалимдер жана ата-энелер аталган реформа боюнча суроолорун берип, сунуштарын айтышты.
Министр Кендирбаева мугалимдердин ролу жана кесипкөйлүгү билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги күчү экенин белгилеп, тармактагы өзгөрүүлөр тыгыз кызматташуу менен ишке ашарын белгиледи.