БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ШТАБЫ БОЛУП ӨТТҮ

11.11.2024  20:22

39

11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратынын жыйын залында БШКнын төрайымы Н. Шайлдабекованын катышуусунда БШКнын республикалык штабы болуп ѳттү.

Ага облус башчысы Эрмат Джумаев, шаар мэри Байышбек Астанакулов, район акимдери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты. Анда 17-ноябрда ѳтѳ турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата жогорку уюшкандыкта даярдык кѳрүү маселелери талкууланды. Штабдык отурумда шайлоого даярдык көрүү, шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, техникалык маселелерди чечүү, шайлоо комиссиялары үчүн ыңгайлуу жайларды камсыздап берүү жана аралыктан добуш берүү боюнча сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлүп бир катар тапшырмалар берилди. Буга кошумча шайлоо күнү электр энергиясы, интернет байланышы үзгүлтүксүз берилиши керектиги айтылды.

Эске сала кетсек, жалпы облус боюнча 117 шайлоо участогу жана 1 аралыктан добуш берүү участогу бар. Талас шаарында 10 шайлоо участок жана 1 аралыктан добуш берүү участок бар. 2024-жылдын 6-ноябрына карата Талас шаары боюнча 27011 шайлоочу бар. 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого Талас шаарынан 6 саясий партия катышууда. Алар: “Аманат”, “Жаңы Кыргызстан”, “Эл үмүтү”, “Ынтымак”, “Бирге-Вместе”, “Социал-Демокарттар” саясий партиялары.

БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ШТАБЫ БОЛУП ӨТТҮ