Бүгүн, 24-сентябрда ички каттамдарга алдын ала даярдык көрүү үчүн Талас аймактык аэропортуна Dash 8 Q-400 үлгүсүндөгү учак келип конду. Анда аэродромдун учак кабыл алуу даярдыгы, аэробекеттин тейлөө кызматтары ж.б. зарыл болгон бардык кызматтар боюнча жалпы техникалык даярдык текшерилди.
Буга чейин "Манас" эл аралык аэропортунун өздүк каражаттарына Талас, Каракол, Казарман, Кербен, Нарын аймактык аэропорттору реконструкцияланып, ички авиакаттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бүгүнкү күндө «Асман» авиакомпаниясы Талас, Нарын жана Каракол шаарларына аба каттамдарды ачууга кызуу даярдык көрүүдө.
Белгилей кетсек, жаңы сатылып алынган Канаданын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү 2 миң километрге чейинки аралыкка ташууга жөндөмдүү.