КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков шаар аймагында курулуп жаткан ири объектилерден кабар алды.

18.03.2026  14:38

6

Алгач Талас шаарында курулуп жаткан борбордук мечитке барышты. Айлана-тегерегин ирээтке келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле мечит ыктыярдуу негизде курулуп жаткандыктан, мамлекет тарабынан көрсөтүлө турган колдоолор тууралуу сөз болду.

Андан соң “Акылман” президенттик лицейинин окуу имараты жана жатаканасынын курулуш иштеринин жүрүшү каралды. Маалыматка ылайык, лицей 2026–2027-окуу жылына карата толук бүткөрүлүп, окуучуларды кабыл алууга даяр болот. Белгилей кетсек учурда окуучуларды онлайн кабыл алуу иштери башталган.

Мындан тышкары, 5000 орундуу стадиондун курулушун карап чыгышты. Курулуш иштерин ылдамдатуу боюнча тапшырмалар берилип, аба ырайынын жылышына байланыштуу жумушчулар эки нөөмөттө иш алып бара турганы белгиленди. Учурда иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков шаар аймагында курулуп жаткан ири объектилерден кабар алды.