оссия Федерациясына кирүүнүн жаңы эрежелери: 2026-жылдын 1-июлунан тартып RuID аркылуу алдын ала каттоо талап кылынат.

15.06.2026  11:13

7

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу жарандарды алдын ала маалымдайт.

Акыркы жылдары Россия Федерациясында миграциялык көзөмөл күчөтүлүп, чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүүсүнө байланыштуу бир катар жаңы талаптар киргизилген. Анын алкагында 2026-жылдын 1-июлунан тартып КМШ өлкөлөрүнүн визасыз режимдеги жарандары үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Федерациясына кирүүнүн жаңы тартиби күчүнө кирет.

Жаңы талаптарга ылайык, Россия Федерациясына барууну пландаган жарандар алдын ала «RuID» мобилдик тиркемеси аркылуу каттоодон өтүшү керек. Бул үчүн жарандар тиркемени жүктөп алып, паспорттук маалыматтарын киргизип, сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн көрсөтүп, биометрикалык маалыматтарын жүктөшү зарыл. Андан соң чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-код берилет.

Белгилей кетсек, арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилиши керек. Өзгөчө кырдаалдарда, мисалы жакын тууганынын оор абалы же каза болушу сыяктуу учурларда арызды кирүүгө чейин кеминде 4 саат мурда тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет.

Мындан тышкары, Россия Федерациясына кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандар үчүн милдеттүү биометрикалык идентификация талаптары күчүндө калат. Бул жарандарды сүрөткө тартууну жана манжа издерин алууну камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясына эмгек ишмердүүлүгү же билим алуу максатында барууну пландаган жарандарды жаңы талаптар менен алдын ала таанышып чыгууга жана «RuID» тиркемеси аркылуу өз убагында каттоодон өтүүгө чакырат. Бул чек арадан өтүүдө жаралышы мүмкүн болгон кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет.

Ошондой эле министрлик жергиликтүү бийлик органдарына жана маалымат каражаттарына Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштаган.

оссия Федерациясына кирүүнүн жаңы эрежелери: 2026-жылдын 1-июлунан тартып RuID аркылуу алдын ала каттоо талап кылынат.