Президент Садыр Жапаров Таластагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды

13.11.2025  18:30

17

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Иш-чаранын башында конокторго балдарга арналган борбордун эскиздик долбоору көрсөтүлгөн видеоролик тартууланды. Ал 6,5 га аянтка жайгашат. Объектти 2026-жылы пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттин башкы максаты – ар бир балага татыктуу балалык тартуулоо экенин өзгөчө белгиледи. Балдар бейкапар ойноп, ээн-эркин өскөн чөйрөдө гана өз алдынча ой жүгүртүүсү калыптанып, акыл-эси, руханий дүйнөсү, чыгармачылыгы жакшы өнүгөт.

“Ошондуктан бул борбор, буюрса, жөн эле оюн-зоок жайы эмес, таалим-тарбиянын, өнүгүүнүн жана кубанычтын борбору болуп калат”, - деди Президент.

“Баластан” борборунда аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн зоналары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулмакчы. Объекттин курулушу 200дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзөт.

Президент тиешелүү мамлекеттик органдардын жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сапатка, коопсуздукка жана балдардын кызыгуусуна жооп берген жогорку деңгээлде курулуш жүргүзүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров Таластагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды