Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук базарда соодагерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Базарды кыдыруу учурунда салык чөйрөсүндө орун алган көйгөйлөргө да өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, базарда соода кылган ишкерлердин көпчүлүгү ККМ (контролдук-кассалык машиналарды) колдонбой жатканы аныкталды, бул болсо кирешени көзөмөлдөө механизмдеринин натыйжалуулугун кайрадан карап чыгуу зарылдыгын көрсөтөт.
Андан соң Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын имаратында ишкерлер менен кеңири форматтагы жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нургазы Асылбеков ,Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, Салык кызматкерлери жана ишкерлер катышты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө төрага өткөн аптада Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган салык тармагындагы реформалар жана ишкерлерди колдоого багытталган Жарлыктын максаты тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле, зергерлик менен алектенген ишкерлерге берилген жеңилдиктер жана салык тармагын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалыматтар берилди.
Жолугушуу жандуу маанайда, суроо-жооп форматында өтүп, жергиликтүү тургундар жана ишкерлер өз ойлору менен бөлүшүштү. Талкууда акциз салыгын салуудагы адилетсиздик көрүнүштөрү, аймактардагы коомдук тамактануу жайларына бирдиктүү салык ставкасын киргизүү, салыктык санкцияларды чегерүү жол-жоболору боюнча түшүндүрүү иштеринин зарылдыгы, ошондой эле Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө сунуш-пикирлер ортого салынды.