ТАЛАС ОБЛУСУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

30.12.2024  16:40

64

2024-жылдын 30-декабрында Талас облусунун 80 жылдыгын жыйынтыктоочу иш-чара өттү. Анда облус башчысы Эрмат Джумаев Талас облусунун 80 жылдык мааракесин белгилөөдө ак дилден ар тараптуу колдоо көрсөткөн жалпы демөөрчүлөргө, уюштуруучулар тобуна, эмгек пайы бар бардык тараптарга өз ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысы Эрмат Джумаев Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакуловго “Талас 80 жыл” юбилейлик медаль, Талас шаарынын мэриясынын эмгек жамаатына ыраазычылык кат тапшырды.

Ошондой эле мэриянын алдындагы Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Чыныбеков Адилет Еркенович “Талас 80 жыл” юбилейлик медалы, Талас шаардык “Таза Суу” муниципалдык ишканасы жана “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы ыраазчылык каттар менен сыйланышты.

Эске салсак, 2024-жылдын 12-октябрында Кыргыз Улуттук Манас Ордо комплексинде Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы жана Талас облусунун 80 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленген.

ТАЛАС ОБЛУСУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ