ТАЛАС ШААРЫНА 1224 ОРУНДУУ ИРИ ЗАМАНБАП МЕКТЕП КУРУЛАТ

14.11.2024  18:18

37

Талас шаарынын Алымкулов 111/1 дарегиндеги 3га жер тилкесине 1224 орундуу ири мектеп курулат. Бул боюнча кечээ 13-ноябрда меморандумга кол коюлду. Буга чейин Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү мектеп курула турган жер аянты менен жеринен таанышып кеткен.

Жаңы курула турган мектепте спорт аянтча, бассейн, китепкана, 600 орундуу жыйын зал, спорттук зал, 612 орундуу мектеп ашканасы жана атайын унаа токтотуучу жай курулат. Долбоордо мектеп бардык заманбап талаптарга ылайык жабдуулар менен жабдылат. Аны менен катар таза суу, саркынды сууга туташтыруу, жылуулукка жана электр жарыгына кошуу каралган. Бул жылы мектептин долбоордук сметалык документтерин, тийиштүү иш кагаздарын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мектептин курулуш иштери 2025-жылдын жаз айлары менен баштоо пландалууда.

Бүгүнкү күндө Талас шаарында орус тил багытындагы мектептерге болгон талап жогору. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса жаңы салына турган мектеп орус тилинде билим берет. Ал үчүн Орусиядан усулдук тажрыйбасы жогору мугалимдер келишет.

Белгилей кетсек, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду буга чейин Кыргызстанга тез жардам унаасын сатып алууда жана чакан ГЭСтерди курууда бир катар иштерди жүзөгө ашырышып, колдоо көрсөтүп келет.

ТАЛАС ШААРЫНА 1224 ОРУНДУУ ИРИ ЗАМАНБАП МЕКТЕП КУРУЛАТ