Бүгүн Талас шаарына Түркия Республикасынын Гөрөмө шаарынын мэри Өмер Эрен баштаган расмий делегация иш сапары менен келди. Делегациянын курамында Осман Суслу, Мехмет Кечежи жана котормочу-кеңешчи Асел Айтбекова болду.
Иш сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, мэрдин орун басары Айбек Көчөрбаев, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Делегацияга шаар боюнча атайын презентация жана видеоролик көрсөтүлдү. Ошондой эле Талас шаары менен Гөрөмө шаарынын ортосунда бир тууган шаар мамилесин түзүү боюнча өз ара макулдашууларга жетишилди.
Андан соң шаар бийлиги расмий делегацияны Талас шаарында аткарылып жаткан ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор менен тааныштырды. Коноктор борбордук паркка, асфальт-бетон заводуна, балдар оюн-зоок борборуна, Россия Федерациясынын колдоосу менен курулуп жаткан мектепке, ошондой эле К. Нуржанов атындагы аллеяда жүрүп жаткан курулуш иштерине барышты.
Маданий программа алкагында делегация А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебине барып, жандуу оркестрдин аткаруусунда кыргыз улуттук музыкасын укту. Мындан тышкары, кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын чагылдырган көргөзмө менен таанышышты.
Иш сапар Манас Ордо улуттук комплексине баруу менен уланды. Делегацияга Манас ата тууралуу тарыхый маалыматтар жана учурда комплексте жүргүзүлүп жаткан курулуш жана өнүктүрүү иштери жөнүндө кеңири маалымат берилди.