ТАЛАС ШААРЫНДА 3 ИРИ ЗАВОД КУРУЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ

28.11.2024  17:20

56

Бүгүн, 28-ноябрда калаа башчы Байышбек Астанакулов тийиштүү мекеме, ишкана жетекчилери менен биргеликте курулуу алдында турган 3 ири заводдун жер аянттары менен таанышып, андагы көйгөйлүү маселелерди жеринен көрүп чыкты. Буга кошумча жакынкы күндөрдө Кытайдан алып келинген заводдордун тетиктерин текшерип, иштөө функциялары боюнча маалымат алды. Өз кезинде шаар мэри аталган заводдордун Талас шаары эле эмес Талас облусу үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу жетекчилерге курулуш процессинде мүчүлүштүктөргө жол бербөө керектигин эскертти.

Курулуп жаткан асфальт заводу - саатына 80 тонна асфальт чыгаруу кубаттуулугуна ээ. Темир-бетон заводу саатына 9 куб сырьё чыгара алат. Ал эми кум-шагыл майдалоочу завод саатына болжол менен 120-140 тонна кум-шагыл чыгарууга ылайыкташкан.

Белгилей кетсек, заводдордун курулушу Кытай Эл Республикасы жана Талас шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде курулууда.

ТАЛАС ШААРЫНДА 3 ИРИ ЗАВОД КУРУЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ