Талас шаарында 68 үй-бүлөгө 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

29.06.2026  11:07

129

Бүгүн 29-июнда Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаевдин жана Талас шаардык кеңешинин депутаттарынын катышуусунда бизнес-долбоорлору жактырылган жарандарга социалдык контракт программасынын негизинде  сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2026-жылга Талас шаарына 68 квота бөлүнүп, анын ичинен 1-кварталда 37, ал эми 2-кварталда 31 үй-бүлөнүн бизнес-долбоорлору жактырылып, план 100 пайыз аткарылды.

Социалдык контракт программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жарандардын киреше булактарын көбөйтүүгө багытталган.

Талас шаарында 68 үй-бүлөгө 150 миң сомдук  сертификаттар тапшырылды