ТАЛАС ШААРЫНДА БИЗНЕС - БИЙЛИК – БИР БАГЫТ АТТУУ БИЗНЕС - ФОРУМ БОЛУП ӨТТҮ

04.04.2025  12:26

31

Бүгүн, 4-апрелде Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулуп жаткан “Бизнес-Бийлик – Бир багыт” аттуу бизнес-форуму болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен ишкерлердин ортосунда тыгыз кызматташтыкты түзүү, жергиликтүү деңгээлдеги экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү жана бизнести колдоого багытталган сунуштарды иштеп чыгуу.

Форумга министрликтердин жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр, фонддор жана ишкердик чөйрөсүндөгү тажрыйбалуу адистер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ачык жана конструктивдүү талкуулар уюштурулуп, ишкердиктин жаңы багыттары, инновациялык мүмкүнчүлүктөр жана аймактарды өнүктүрүүдөгү фонддордун ролу каралууда. Ошондой эле алдыңкы ишкерлер менен жаш стартаптар бизнес өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкууланды.

ТАЛАС ШААРЫНДА БИЗНЕС - БИЙЛИК – БИР БАГЫТ АТТУУ БИЗНЕС - ФОРУМ БОЛУП ӨТТҮ