Талас шаарында «Дастан» кичи футбол аянтчалары пайдаланууга берилди

22.06.2026  15:40

11

Бүгүн, 22-июнда Талас шаары боюнча 6 кичи футбол аянтчасы ачылды. «Дастан» кичи футбол аянтчалары КР Президентинин резервдик фондунун колдоосу менен курулуп, пайдаланууга берилди.

Жаңы футбол аянтчалары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас институтунда, Р.Я. Рысакова атындагы №2 орто мектебинде, К. Дарданов атындагы №3 орто мектепте, №5 орто мектепте , «Умму-Арран» мечитинин аймагында жана дагы бир билим берүү мекемесинин аймагында ачылды.

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков №3 орто мектепте уюштурулган ачылыш аземине катышып, жаңы спорттук жайдын кызыл тасмасын кесип, расмий түрдө пайдаланууга берди. Ал эми Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев №2 орто мектебиндеги ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө шаар жетекчилери жаштарды сергек жашоого үндөп, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү шаар бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилешти.

Бул демилге сергек жашоо образын жайылтууга, жаштарды спортко тартууга жана алар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

Талас шаарында «Дастан» кичи футбол аянтчалары пайдаланууга берилди