Бүгүн, 5-апрелде Талас шаарында жалпы ишембилик уюштурулуп, борбордук көчөлөргө “Каштан” дарагынын көчөттөрү отургузулду. “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагындагы көрктөндүрүү иштерине мэр Байышбек Астанакулов, кеңештин төрагасы Калыс Жаныбеков жана муниципалдык мекеме-уюмдардын жетекчилери менен кызматкерлери катышты.
Белгилей кетсек, быйыл Талас шаарында 20 миң даанага жакын ар түрдүү бак дарактардын көчөттөрү тигилери күтүлүүдө. Анын 12 миңге жакыны “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы тарабынан отургузулат. Негизинен кайың, арча-туя жана гүлдөй турган бак дарактарды тигүүгө басым коюлууда.
Бул Талас шаарын экологиялык жактан таза, кооз жашыл шаар кылуу максатындагы аракеттердин бири.