Талас шаарында коррупцияга каршы стратегиянын алкагында мониторинг жүргүзүлдү

15.01.2026  12:53

65

2026-жылдын 14-январында Талас шаарында 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында мекеме-ишканаларга мониторинг жүргүзүлдү. Аталган иш-чара Талас шаары боюнча чыгарылган №9 сандуу буйруктун негизинде уюштурулду.

Мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы №547-т тескемеси жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын №01-19/6788 сандуу тапшырмасынын аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле мекемелердин ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:

“Таза-Суу” муниципалдык ишканасы
Ишкананын жетекчиси Б. Кожомуратов буйрук менен тааныштырылды. Жеринен текшерүү учурунда коррупцияга каршы көрнөк жарнактар жана ишеним кутучасы жок экендиги аныкталып, тиешелүү оозеки эскертүүлөр берилди.

“Жашыл чарба” муниципалдык ишканасы
Ишканада коррупцияга каршы иш-план жок болгондугуна байланыштуу кадр боюнча инспектордон түшүндүрмө каты алынып, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишкана
Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында бир катар кемчиликтер аныкталып, жеринен акт түзүлдү. Тактап айтканда:

коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бекитилген иш-чаралар планы жок;

колдонулган атайын техникалар боюнча тарифтер тууралуу маалымат тактамаларда илинген эмес;

ишеним кутучалары орнотулган, бирок аларга жооптуу адам дайындалган эмес жана тиешелүү буйрук чыгарылбагандыгы белгилүү болду.

Мониторингдин алкагында Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А. Ибралиев жана мэриянын юристинин милдетин аткаруучу Б. Темиркулов тарабынан мекеме кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Талас шаарында коррупцияга каршы стратегиянын алкагында мониторинг жүргүзүлдү