Талас шаарында Нооруз майрамы белгиленди

21.03.2026  20:50

6

21-март күнү Талас шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленип, 6 боз үй тигилди. Салтанаттуу иш-чарага Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков , Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков катышып, шаар тургундарын жаз жарчысы болгон Нооруз майрамы менен куттукташты.

Майрамдык иш-чарада маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган сценалар коюлуп, аластоо ж.б жөрөлгөлөр көрсөтүлдү. Ошондой эле жалпы көрүүчүлөргө Нооруздун символу болгон сүмөлөк таратылды.

Мындан тышкары эл аспаптар оркестринин чыгармалары жаңырып, шаар тургундарына концерттик программа тартууланды.

Майрамдын алкагында тушоо кесүү жөрөлгөсү да өткөрүлдү. Ошондой эле улуттук кийимдердин жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Мындан тышкары улуттук спорттук оюндар өткөрүлүп, шаар тургундарына майрамдык шаң тартууланды.

Талас шаарында Нооруз майрамы белгиленди