ТАЛАС ШААРЫНДА ЗАМАНБАП СТАДИОН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ

07.04.2025  12:55

23

Талас шаарында 5 миң орундуу жаңы борбордук стадиондун курулушу башталды. Мезгил кутучасын салуу аземине УКМК төрагасы, МИНКАБдын төрагасынын орун басары, Кыргыз футбол биримдигин президенти Камчыбек Ташиев, Президентин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев ,шаар мэри Байышбек Астанакулов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Стадиондун курулушу иштерине жалпы 5 гектар жер бөлүнгөн . Аталган аянтка заманбап талаптарга жооп берген 5055 көрүүчүгө ылайыкталган стадион , бүт шарты менен салынат. Трибуналар, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, жатаканалар жана конференц-залдар камтылат. Футбол аянтынан сырткары машыгуу талаасы, воркаут аянтчасы, жана 180 автоуунаа бата турган токтотуучу жайлар курулат.

Жаңы стадион эл аралык мелдештерди кабыл алууга да ылайыктуу болот .

Жалпы курулушка каражат республикалык бюджеттен каржыланып , долбоорду курулуш министрлиги ишке ашырат .

Белгилей кетсек Талас облусунун жана шаардын тарыхында мындай шарттагы заманбап стадион курулган эмес

ТАЛАС ШААРЫНДА ЗАМАНБАП СТАДИОН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ