2025-жылдын 31-декабрында Талас шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жана Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков катышып, шаар тургундарын жана конокторду кирип келген Жаңы жыл менен куттукташты.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, шаардыктарга майрамдык маанай тартуулады.