ТАЛАС ШААРЫНДА ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН КООПСУЗДУГУ ТАЛКУУЛАНДЫ

13.08.2025  10:00

13

К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында “Жаңы муун – жаркын келечек, Таза муун – коопсуз келечек” аттуу жыйын өттү. Иш-чараны Талас шаарынын мэриясы жана шаардык ички иштер бөлүмү биргеликте уюштурду.

Жыйын Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” жана “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамдарынын алкагында өткөрүлүп, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту жана мектеп рэкетчиликтин деңгээлин төмөндөтүү максатында уюштурулду.

Иш-чарага Талас шаарынын мэриясын кызматкерлер , прокуратура жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдери, окуучулар жана ата-энелери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө адистер коомдогу коопсуздукту камсыз кылуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептерин жоюу жана ата-энелер менен биргеликте иш алып баруунун натыйжалуу жолдору боюнча баяндамаларды жасашты

ТАЛАС ШААРЫНДА ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН КООПСУЗДУГУ ТАЛКУУЛАНДЫ