Талас шаарындагы элдик жолугушууда 180ден ашык маселе көтөрүлдү

25.05.2026  10:30

4

Өлкө Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 23-май күнү Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев шаар тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга шаар тургундары активдүү катышып, социалдык, инфраструктура жана коммуналдык багыттагы бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү.

Жалпысынан 62ден ашык жаран кайрылып, 180ден ашуун маселе каралды.

Негизинен жолдорду оңдоо, таза суу, канализация, жер маселелери, электр энергиясы, коомдук транспорт, көчөлөрдү жарыктандыруу жана социалдык багыттагы көйгөйлөр боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Көтөрүлгөн бардык маселелер протоколго киргизилип, аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге конкреттүү тапшырмалар берилди.Ошондой эле ар бир кайрылууну көзөмөлгө алуу, маселелерди этап-этабы менен чечүү жана жарандарга расмий жооп берүү милдеттендирилди

Талас шаарындагы элдик жолугушууда 180ден ашык маселе көтөрүлдү