ТАЛАС ШААРЫНДАГЫ КУРУЛУШТАР ТЕКШЕРИЛДИ

18.07.2025  11:50

8

Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков шаар аймагындагы бир катар социалдык объектилерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштери менен жеринде таанышып чыгышты.

Өзгөчө капиталдык оңдоодон өтүп жаткан мектеп жана бала бакчалардын курулуш иштерине көңүл бурушту.

Мындан тышкары И.Сарыгулов көчөсүндө салынып жаткан тротуардын сапатына көзөмөл жасап, подряддык компанияга катуу талаптар коюлду. Ошондой эле тротуар салуудан калган курулуш таштандыларын өз убагында тазалоо боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары шаар тургундары менее жолугушуп, ирригация жана канализация маселелери каралды.

ТАЛАС ШААРЫНДАГЫ КУРУЛУШТАР ТЕКШЕРИЛДИ