Талас шаарындагы үй-бүлөлөргө 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

23.07.2025  15:01

14

Талас шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоо максатында социалдык контракт программасын тандаган 43 үй-бүлөгө 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Иш-чарага Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев жана социалдык кызматкерлер катышып, аталган долбоордун максатын үй-бүлөлөргө кенен түшүндүрдү. Себеби аталган каражатты алгандар өздөрү сунуштаган долбоорлорун ишке ашырып, киреше табышы керек.

Социалдык келишим долбоору жөлөк пул алып келген үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын жакшыртууга жана өз алдынча киреше табуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.

Талас шаарындагы үй-бүлөлөргө 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды