ТАЛАС ШААРЫНЫН МЭРИ А.ОТОРБАЕВ КӨЧӨСҮНДӨГҮ АСФАЛЬТОО ИШТЕРИН ТЕКШЕРИП ЧЫКТЫ

11.09.2024  17:09

39

Талас шаарынын мэри Б.Астанакулов А.Оторбаев көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан асфальтоо иштеринин сапатын текшерип, жеринен таанышып келди. Ал тротуарлар салынуучу жерлерди карап чыгып, ошол аймакка велосипед жолдорун чийүү боюнча сунуштарын берди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-мартындагы №43 тескемесине ылайык, 2023-жылы бүтпөй калган жолдорду аяктоо үчүн Президенттин иш башкармалыгынан кошумча 119 000 млн сом бөлүнгөн. Учурда бул каражаттын негизинде Б.Осонкулов, А.Оторбаев жана Манас көчөлөрүндө асфальтоо иштери жүргүзүлүүдө.

ТАЛАС ШААРЫНЫН МЭРИ А.ОТОРБАЕВ КӨЧӨСҮНДӨГҮ АСФАЛЬТОО ИШТЕРИН ТЕКШЕРИП ЧЫКТЫ