ТАЛАСТА АУТИЗМ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАР ҮЧҮН БОРБОР АЧЫЛДЫ

02.04.2025  16:53

18

Талас шаарында "Аутизм Победим KG" борбору расмий ачылды. Аталган борбор аутизм менен жашаган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө комплекстүү жардам көрсөтүү максатында ишке киргизилди.

Борбор жаңы методикалардын жардамы менен балдардын социалдык адаптациясын, психомотордук өнүгүүсүн жана өз алдынча жашоо көндүмдөрүн калыптандырат.

Борбордо ата-энелерге маалыматтык жана психологиялык колдоо көрсөтүлүп, аутизм маселелери боюнча атайын билим берүү программалары сунушталаарын адистер билдиришти.

Аутист балдарга комплекстүү кызмат көрсөткөн борбор Талас шаарында биринчи жолу ишке киргендиктен, жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүп, кубаттады.

ТАЛАСТА АУТИЗМ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАР ҮЧҮН БОРБОР АЧЫЛДЫ