ТАЛАСТА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

13.09.2024  11:30

85

Бүгүн, 13-сентябрда, Талас ШИИБдин демилгеси менен кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чара К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында болуп өттү. Иш-чарага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоканов, Талас ШИИБдин башчысынын орун басары Саадамбек Стайбеков, ата-энелер жана жогорку класстардын окуучулары катышышты.

Иш-чаранын алкагында милиция тарабынан кылмыштын кесепеттери чагылдырылган видеоролик көрсөтүлүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, эрте никеге туруу, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту жана түрдүү кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ТАЛАСТА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ