ТАЛАСТА МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН “ЫР КЕСЕ” МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

07.09.2024  16:57

59

7-сентябрь күнү, Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан “Манас Ордо” улуттук комплексинде кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Ыр кесе” маданий иш-чарасы өткөрүлдү. Бул мааракелик иш-чара Ички иштер министрлиги тарабынан белгиленген графиктин алкагында уюштурулуп, жергиликтүү жетекчилер, сот жана милиция органдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев, Ош ШИИБдин башчысынын орун басары Таалайбек Нурбаев, Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаров, Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков, Айтматов районунун акими Бектур Сагымбаев жана шаар менен райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Манас Ордо” комплексинде 5 боз үй тигилип, улуттук маданиятты чагылдырган элементтер коюлду. Кыргыздын улуттук кийимдерин кийген атчан жигиттер, кызматтык автоунаалардын көргөзмөсү жана улуттук оюндар менен коштолгон майрамдык программа уюштурулду. Милиция кызматкерлери улуттук ыр-бийлерди аткарып, комуз, аккордеон коштоосунда кыргыз эстрада ырлары жаңырды. Сахнада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды.

Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев иш-чараны Жалал-Абад ОИИБден алынып келген “Ыр кесенин” кымызынан ооз тийип расмий ачты. Фестивалдын жүрүшүндө сахналаштырылган көрүнүштөр, көркөм окуулар жана улуттук оюндар өткөрүлдү.

“Ыр кесенин” финалында эстафета Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Нурбаевге тапшырылды.

ТАЛАСТА МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН “ЫР КЕСЕ” МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ