ТАЛАСТАГЫ К.НУРЖАНОВ АЛЛЕЯСЫ ЖАҢЫЛАНАТ

25.04.2025  15:19

18

Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясы толугу менен жаңыланып, заманбап эс алуу багына айландырылат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов билдирди.

Мэрдин айтымында, жалпы 300 миллион сом бөлүнгөн бул долбоордун курулуш иштери жакынкы күндөрү башталат. Аллея шаардагы эң кооз аймактардын бири болуп, туристтерге, шаар конокторуна жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Учурдагы К.Нуржанов аллеясында жайгашкан турак жайлар менен соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшү да жаңыланып, жаңы парктын архитектуралык стилине ылайык иретке келтирилет.

Курулуш иштерин 2025-жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

ТАЛАСТАГЫ К.НУРЖАНОВ АЛЛЕЯСЫ ЖАҢЫЛАНАТ