ТАЗА СУУ МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫ ЖАҢЫ ТЕХНИКА МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

12.05.2025  12:20

25

Талас шаардык “Таза Суу” муниципалдык ишканасы 18 кубдук жаңы үлгүдөгү «Хово» ассенизатор техникасы менен жабдылып, тейлөө сапаты дагы жакшырды. Бул техниканын наркы 5 миллион 650 миң сомду түздү.

Демилге Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакуловдун колдоосу менен көтөрүлүп, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү аркылуу “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусуна сунушталган. Натыйжада каражат кайтарымдуу негизде бөлүнүп, долбоор ишке ашты.

Шаар мэриясы жана өнөктөштөр шаар тургундарына үзгүлтүксүз жана сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында техникалык базаны мындан ары да чыңдоону улантат.

ТАЗА СУУ МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫ ЖАҢЫ ТЕХНИКА МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ