Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков шаар ичинде тротуар куруу иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы компаниялардын ишине көзөмөл жасашты.
Жетекчилер Шамбетов, Жаманкулов жана Чубак Сатаев көчөлөрүндө жүрүп жаткан тротуар төшөө иштерин жеринде карап, кеткен кемчиликтерди подрядчыларга көрсөтүп, талапка ылайык кылып оңдоону эскертишти.
Мындан тышкары жол салууда колдонулган материалдардын сапатына жана жумуштарды техникалык талаптарга ылайык жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди .