ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАН САКТОО ЖАНА АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

13.02.2025  11:50

33

Талас шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 10-февралындагы №40 буйругунун негизинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү жана жаштарды татыктуу Кыргыз Жараны болууга үндөө максатында атайын рейд уюштурулду.

Иш-чара Талас шаарынын мэриясынын социалдык сектору, Талас шаардык ички иштер бөлүмү жана Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө зордук-зомбулуктан жабыркаган жана каттоого алынган үй-бүлөлөргө барып, алардын жашоо шарттары жеринде каралды. Ошондой эле, Кызыл Ай коомунун колдоосу менен 10 үй-бүлөнүн балдарына зарыл болгон кийим-кече тапшырылды.

Мындан тышкары, мектептерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын класстык сааттар жана тарбиялык иш-чаралар уюштурулууда. Бул иш-чаралар балдарга жана өспүрүмдөргө зордук-зомбулуктун кесепеттерин түшүндүрүүгө, мыйзамдуулукту сактоого жана коомго пайдалуу жаран болуп калыптанууга багытталган.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАН САКТОО ЖАНА АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ