Сиздерди бүгүнкү жарык майрам — Балдарды коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул күн — биздин коом үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени ар бир бала — бул биздин бүгүнкү кубанычыбыз, эртеңки үмүтүбүз, өлкөбүздүн келечеги.
Балдардын бактылуу жашоосу, ден соолугу, коопсуздугу жана толук кандуу өнүгүүсү — бул ар бирибиздин милдетибиз. Биздин Талас шаарыбызда өсүп келе жаткан ар бир наристе камкордукта, сүйүүдө жана татыктуу шарттарда жашоого тийиш.
Урматтуу ата-энелер, мугалимдер жана тарбиячылар! Сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин мээримиңиздер менен балдарыбыз билим алып, чоң максаттарга умтулуп жатышат.
Бала үнү шаарыбызда дайыма шаңга, күлкүгө толуп турсун! Ар бир үйдө бакубат жашоо, ынтымак жана сүйүү болсун!
Майрамыңыздар кут болсун, кичинекей жарандарыбыздын жүзү дайыма жаркырап турсун!
Урматтоо менен,
Байышбек Астанакулов,
Талас шаарынын мэри