Жаңы аттракциондор паркынын расмий ачылыш аземи жылдырылды

27.06.2026  10:56

97

УРМАТТУУ ШААРДЫН ТУРГУНДАРЫ ЖАНА КОНОКТОРУ!

🎡 Жаңы аттракциондор паркынын расмий ачылыш аземи жылдырылды

Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө белгиленген жаңы аттракциондор паркынын расмий ачылыш аземи күтүлбөгөн жагдайларга жана аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылганын маалымдайбыз.

Бул чечим биринчи кезекте шаар тургундарынын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алаарыңыздарга ишенебиз.

Парктын расмий ачылышынын жаңы күнү такталары менен кошумча маалымат берилет.

 Расмий баракчаларыбыздагы маалыматтарды көзөмөлдөп туруңуздар.

Түшүнгөнүңүздөр үчүн чоң рахмат! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Талас шаарынын мэриясы