ЖАРЫЯ

12.02.2025  16:50

26

Эгер сиз Талас шаарында жеке жана акселератордук (үй тибиндеги) бала бакча ачууга кызыкдар болсоңуз же иштеп жаткан жеке жана акселератордук бала бакчалар боюнча кошумча билим алгыңыз келсе, сиз үчүн пайдалуу окутуу өткөрүлөт.

Окутууда төмөнкү маселелер каралат:

-Жаңы жеке жана акселератордук бала бакча ачуу боюнча маалымат жана колдоо көрсөтүү

-Иштеп жаткан жеке жана акселератордук бала бакчалардын кызматкерлерин окутуу

-Балдардын туура тамактануусу жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери

Окутуу Талас шаарынын мэриясында өтөт. Катышууну каалагандар Талас шаарынын мэриясынын социалдык секторунун кызматкерлерине байланышып, каттоодон өтө алышат.

📞 Байланыш үчүн:0770 214 337

0776 845 585

ЖАРЫЯ