Жаңылыктар

📢 УРМАТТУУ ТАЛАС ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ!

21.08.2026  14:51     Кароолор (13)

📢 УРМАТТУУ ТАЛАС ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ!

Талас шаарында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун, жол кырсыктарын жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында алкоголдук ичимдиктерди сатуу убактысына чектөө киргизүү сунушталууда.

Сунушка ылайык, шаар аймагындагы соода түйүндөрүндө алкоголдук ичимдиктерди түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин сатууга чектөө киргизүү каралууда.

Бул маселе боюнча чечим шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен  коомдук талкуунун негизинде гана кабыл алынат. Андыктан сиздин пикир маанилүү.

Сиз бул сунушту колдойсузбу?

✅ Ооба, колдойм
❌ Жок, колдобойм

Пикириңизди комментарийге калтырыңыз.⬇️