Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Жаныбеков, шаардык кеңештин депутаттары жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Кубан Жылгалбаев №1 «Алтын Балалык» бала бакчасын «Кербен» мейманканасынын имаратына көчүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Учурда имаратта жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин 90 пайызы аяктады. Негизги жана татаал иштердин бири болгон жылытуу системасын орнотуу толук бүткөрүлүп, учурда тазалоо жана эмеректерди жайгаштыруу иштери аткарылууда.
Бала бакча пайдаланууга берилгенден кийин 300гө жакын бала үчүн орун түзүлөт.
Жетекчилер аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, калган жумуштарды белгиленген мөөнөттөн эрте жана талапка ылайык бүткөрүү боюнча жооптуу кызматкерлерге тапшырма беришти.