Жаңылыктар

10-мартта Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезексиз XII сессиясы болуп өттү.

10.03.2026  11:05     Кароолор (4)

Сессия Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессиянын күн тартибинде 4 маселе каралды:

1. Талас шаарындагы Э.Мадиев көчөсү №71 дарегиндеги 13 229,15 чарчы метр муниципалдык жер тилкесине футбол аянтчасын куруу үчүн “ФК Азия” ААКсына ижара акысын курулуш аяктагандан кийин төлөп баштоого макулдук берүү;

2. Талас шаарынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерине макулдук берүү;

3. Талас шаарына лизинг аркылуу 30 электробус сатып алууга макулдук берүү;

4. Талас шаардык кеңешинин 02.07.2025-жылдагы №48/7-9 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү (А.Алдашүкүров көчөсү №55 дарегиндеги 0,5 га жер тилкесине бала бакчаны балдар аянтчасы менен куруу үчүн эки жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүү боюнча).

Сессиянын жыйынтыгында 1-, 2- жана 4-маселелер депутаттар тарабынан колдоо тапты. Ал эми 3-маселе кийинки сессияда карала турган болду.