Иш-чарага Талас шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев катышып, шаарды өнүктүрүүдө кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал күз-кыш мезгилине даярдыкты сапаттуу жүргүзүү, салыктардын толук жыйналышын камсыз кылуу жана коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу багытында бир катар тапшырмаларды берди.
Жыйында мындан тышкары билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы, Эгемендүүлүк күнүнө даярдык, дарыгерлерди тартуу жана мамлекеттик кызмат системасын өркүндөтүү маселелери да талкууланды.