Жаңылыктар

2026-жылдын алты айындагы жыйынтыгы чыгарылды

07.08.2026  14:10     Кароолор (91)

Талас облусунда 2026-жылдын алты айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы талкууланган коллегиялык жыйын болуп өттү. Жыйынга Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жетекчилик кылып, облустун негизги тармактарындагы жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер каралды.

Коллегиянын жүрүшүндө өткөн алты айдын жыйынтыгы чыгарылып, облустун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү кеңири талданды. Белгиленгендей, отчеттук мезгилде экономиканын өсүү темпи жогорулап, инвестиция тартуу, курулуш, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл чарба жана социалдык тармактарда бир катар оң натыйжаларга жетишилди.

Ошол эле учурда айрым багыттарда орун алган кемчиликтер белгиленип, аларды кыска мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилерине так тапшырмалар берилди.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жергиликтүү жетекчилер жоопкерчиликти күчөтүп, демилгелүү иш алып баруусу зарыл экенин белгиледи.

Бүгүнкү күндө Талас облусу дүйнөнүн 55 өлкөсү менен соода-экономикалык байланыш түзүп, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча алгылыктуу көрсөткүчтөргө жетишти. Учурда облус аймагында 68 курулуш объектисинде иштер активдүү жүргүзүлүп, бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.

Жол тармагында да олуттуу иштер аткарылууда. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун турукташтыруу фондунун колдоосу менен Талас шаарында пландан тышкары 28 чакырым жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Айыл чарбасын өнүктүрүү максатында жаңы айыл чарба техникалары алынууда, сугат каналдары жаңыланып, ирригациялык инфраструктура жакшыртылууда. Ошондой эле мал чарбачылыгында ветеринардык эмдөө иш-чаралары өз убагында жүргүзүлүп, калктын коопсуздугун камсыздоо багытында турак жайларды камсыздандыруу иштери да активдүү уланууда.

Жыйындын соңунда алдыдагы мезгилде да социалдык-экономикалык өнүгүүнүн оң динамикасын сактап калуу, башталган долбоорлорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү, ошондой эле элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган иштерди улантуу негизги артыкчылык бойдон кала турганы белгиленди.