Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, 2025-жылдын 21-августунан тарта оң рулдуу автотранспорт каражаттарына жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат. Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун камыздоо , жол кырсыктарын алдын алуу жана транспорт ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында кабыл алынды.
Такси кызматын көрсөтүү үчүн юридикалык жана жеке жактар 2025-жылдын 21-августуна чейин лицензия алышы милдеттүү. Лицензия алуу үчүн айдоочунун кеминде үч жылдык айдоо тажрыйбасы болушу шарт. Мындан тышкары, ар бир айдоочу медициналык кароодон өткөндүгү тууралуу жана соттолбогондугу тууралуу маалымат тапшырууга тийиш.
Талас шаарынын мэриясы жана Талас облусун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан облус аймагындагы такси кызматын көрсөткөн компанияларга жана айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 21-августтан кийин талаптарга жооп бербеген, анын ичинде оң рулдуу унааларды пайдаланган айдоочулар такси кызматын көрсөтө албайт. Эгер талаптарды аткарбаса мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.