Иш-чаранын алкагында Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенип, кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып келген бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Куттуктоо сөзүндө мэр энергетика кызматкерлеринин эмгеги шаарды жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, тармак өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.