Жаңылыктар

24-февраль күнү Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков шаар тургундарын кабыл алды.

24.02.2026  10:35     Кароолор (4)

Жеке кабыл алууда жарандар шаар башчысына социалдык маселелер, канализация системасы, базардын көчүрүлүшү, жер тилкелери жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылышты.

Мэр Нургазы Асылбеков ар бир маселени мыйзам чегинде жана ыкчам чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.