Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган жыйынга Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Марат Шайбеков, Талас шаарынын прокурору Жылдызбек Разбеков жана мугалимдер менен ата-энелер катышты.
Жолугушууда шаардагы мектеп окуучуларынын кылмыштуулукка аралашуусунун алдын алуу маселеси каралып, ата-энелер менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өзгөчө балдардын тарбиясына өзгөчө көңүл буруу, мыйзамды сактоо жана коомдук коопсуздук боюнча маанилүү маалыматтар берилди. Ошондой эле ата-энелерге балдарынын жүрүм-турумуна жоопкерчилик менен мамиле кылуу жагы эскертилди.